ЛЕЙН КИРКЛАНД атындагы СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММА

04.02.2016, 15:08

Украина, Белорусия, Россия, Молдавия, Грузия, Армения, Азербажан, Казакстан жана Кыргызстан менен бирдикте 2016-2017-жылы Польшада Лейн Киркленд атындагы стипендияга конкурс жарыялайт
Программа жаш лидерлерге, жогорку билимдүүлөргө жана демократиянын өнүгүшүнө кызыккандар, өз аймагында экономика жана жарандык коомду өнүктүрөм деген атуулдарга тиешелүү.

Программа Польшалык ЖОЖдордо 2-семестр анын ичинде 2-4 жума мамлекеттик же жеке уюмдарда кесиптик стажировкадан өтүүсү керек.

Программада мамлекет тарабынан өз ара принциптери камтылуусу керек.
 

КОНКУРСКА КАТЫШУУЧУ ТАРМАКТАР:
- Экономика жана менеджмент
-Администрация / башкаруу, (бизнес, өкмөттүк эмес уюмдар (өэу), маданият, айлана чөйрөнү коргоо,саламаттыкты сактоо, билим берүү
- Элдик администрация ( Мамлекеттик жана муниципалдык)
- Укук
- Коомдук илимдер ( социалдык психология, социология)
- Саясий илимдер жана эл аралык мамиле
- өнүгүү саясаты жана гуманитардык жардам

Дипломдук иш, стипендия чегинде жазылган иштер, илимий же практикалык мүнөзгө ээ болуусу мүмкүн. (Бул мезгилде дипломдук иш илимий мүнөзгө ээ болуусу керек).
ТАЛАПКЕР:
2016-2017-жылы Киркленд программасы кийинки тармактагы адамдарга жарыяланат.
- эксперттерге, саясатчыларга, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге.
- өндүрүүчүлөргө,менеджерлерге
- өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери
- маданий аниматорлор, жана коомдук активистер
- окутуучулар
- журналисттер
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ФОРМАЛДУУ КРИТЕРИЙЛЕР:
- Жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттердин биринин жараны болуусу керек жана ошол мамлекетте жашоосу керек. (Польшанын дайыма жашоочулары конкурска катыша алышпайт).
-Толук жогорку билимдүү ( магистр наамы менен ).
Жашы 35 жаштан өйдө болуусу керек ( кээ бир мезгилде 40 жашка чейин).
-кесиптик опыт –(эки жылдан кем эмес)
- Академиялык сабактарга катышу үчүн, Польша тилин билүүсү керек, дипломдук ишин жазуусу керек же англис тилин билүүсү шарт.
- Польша тилинен сүйлөшүү жүргүзүүдө В 1 деңгээлинде билүүсү керек. (Эгерде иш польша тилинде жазылса ), жана дагы А 1 деңгээлинде англис тилин билүүсү керек (эгер иш англис тилинде жазылса).

АРТЫК КӨРҮ:
Кесиптик жана коомдук тармактардын активдүү талапкерлери.
- Маанилүү жетишкендиктерге жетишкен талапкерлер.
- Мурда Польшада окубаган талапкерлер катыша алат.
 

ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕР:

1. Билдирме-формулярды он-лайнда толтуруу.
- Жеке маалыматтардын анкетасы.
- Киркланд программасына катышууга проект жана Польшада болуу үчүн сунуштары жана планы менен. (4000- 6000 белгиси пробел менен)
2. Эки сунуш каты, талапкердин жетишкендиги жана квалификациясы тууралуу маалымат жана дагы келечектеги кесиптик тармакта жана коомдук кызматтарда өнүгүү үчүн иш аракеттер жөнүндө планын жазуу, (польша орус же англис тилинде) электрондук почтага жөнөтүү.
3. Окутууну бүткөндүгү тууралуу дипломдун көчүрмөсү да болот, (илимдин кандидаттыгынын дипломунун көчүрмөсү да болот (электрондук почта аркылуу жөнөтүү керек).
КАБЫЛ АЛУУ:
45 ге жакын эң мыкты талапкерлер алынат. Конкурс үч этаптан өтөт:
1-этап Формалдуу маалыматтарды баалоо.
2-этап Талапкерлердин анкетасын баалоо.
3-этап Квалификациялык сүйлөшүү жүргүзүү.
Конкурс болжол менен (13.04.-30.04.2016-ж болжолдуу пландашылган ) өтөт.

3-этапка өткөн таалапкерлердин тизмеси март айынын аягында электрондук почтага жөнөтүлөт.
Конкурстун акыркы жыйынтыгы 2016-жылы июнь айында электрондук почтага жөнөтүлөт.

БИЛДИРМЕ ТОЛТУРУУ ИРЕТИ:
Программанын толук баяндамасын, билдирме-формулярын толтуруу иретин, www.kirkland.edu.pl  сайтында же Программанын электрондук почтасынан тапса болот.

Билдирме формуляры онлайн режиминде толтурулат.
Билдирме онлайн толтурулган соң, система менен берилген аныктоо барагын басып чыгарып, талапкердин колу коюлуп, сүрөт чапталгандан кийин жөнөкөй почта менен Киркланд Программасынын дарегине жиберилет.

Эки сунуш катты, окутууну бүткөн тууралуу диплому сканерден өткөзүп , kirkland@kirkland.edu.pl  электрондук почтасына жөнөтүлөт.

АРЫЗДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ:

Киркланд 2016/17 стипендиясына билдирме тапшыруучу мөөнөтү:

2016 жылдын 1 март айында бүтөт

Жогору көрсөтүлгө мөөнөттөн кийин келген билдирмелер каралбайт

КАРАЖАТОО ШАРТЫ:
Стипендия айына 1800 злот тегерегин түзөт. Кошумча: билим алуу үчүн кеткен каражаттар, Польшада жашоо, медициналык страховка, Польшага барып келетурган жол акысы, виза алуу, жумшалган каражаттар Фонд менен төлөнөт.

СТИПЕНДИЯНЫН ПРОГРАММАСЫ:
• Программанын инагурациясы (2016 жылдын сентярбь айынын ортосу)
• Сабактарга камдануу (10 күн)
• Варшава, Краков, Познань, Вроцлав, Люблин академиялык шаарларындагы ЖОЖда сабак өтүү (эки семестр)
• Семестрдик жана дипломдук иштерге даярдануу
• Баардык стипендиянттардын төрт съезди
• Кесиптик стажировка (2-4 жума)
• Программанын салтанаттуу бүтүшү- дипломдорду тапшыруу (июндун аягы)
ПРОГРАММАНЫН ПАТРОНУ Лейн Киркланд (1922-1999)- көп жылдардан бери американын кесиптик биримдигинин алдында турган инсан, Польша-Америка ишкерлер фондусунун мүчөсү (AFL-CIO); Польша-Америка эркиндик фондусунун ачылышынын демилдөөчүлөрөнүн бири. 80чи жылдары өзүнүн кадыры менен польшадагы “Солидарность” биримдигине дем берген. Лейн Киркланд Борбордук жана Чыгыш Европаларынын эли эркиндикке жана демократияга умтулганын түшүнүп колдочу.
Ал эң жогорку сыйлыктардын ээси, алардын ичинде американын “Эркиндик Медалы”, “Ак Бүркүт Ордени”.

БАЙЛАНЫШ:
“Билим Демократия үчүн” Фонду
http://www.edudemo.org.pl

Киркланд Программасы
ul.Hoża59m.1A,00-681Warszawa
E-mail: kirkland@kirkland.edu.pl
www.kirkland.edu.pl

ПРОГРАММАНЫН ДЕМӨӨРЧҮСҮ ПОЛЬША-АМЕРИКА ЭРКИНДИК ФОНДУ (ПАЭФ)
Фонд өзүнүн ишин 2000 жылы баштаган. Фонддун негизги максаты демократияны чындоо, жарандык коомду бекемдөө, жеке жана коомдук өнүгүүсүнө бирдей камсыздоо түзү, рынок экономикасын өнүктүрүү, ошондой эле польша трансформация чөйрөсүндө алынган тажрыйбаны Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө таратуу.
Фонд өзүнүн иштерин Польша – Америка ишкерлер фондусунан түшкөн финансылык булактарынан камсызданат. Азыркы учурга чейин ПАЭФ Фондго 250млн.доллар өткөргөн. 2000 жылдан баштап Фонд өзүнүн программаларына 100 млн.доллардан ашык каражат жумшады.
Фонд менен иштелип чыккан принципиалдуу процедуралар боюнча, Фонддун Программасын польшанын өкмөттүк эмес уюмдары алып барышат.

Л.Киркланд атындагы стипендиялык Программасы ПАЭФтин узак мөөнөткө чарасы созулган, 2000 жылы тиричилик алып, 2001 жылы Варшавада Фулбрайт Комиссиясы менен уюшулган. Фонд жөнүндө кошумча маалыматтарды интернетте: http://www.pafw.pl  дарегинде

“БИЛИМ ДЕМОКРАТИЯ ҮЧҮН” ФОНДУСУ (БДФ)

Фонд 1989 жылы Польшанын оппозиция ишмерлери жана Америкалык Мугалимдеринин Федерациясынын демилгеси менен ачылган. Фонд көз карандысыз, коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюмдарга кирет.
Коомдук уюм статусуна ээ.
“Билим Демократия үчүн” Фондусунун максаты демократия идеясын өнүктүрүү үчүн, билим берүү тармагындагы иш чараларды уюштуруу, демилгелөө, жана колдоо. Фонд жергиликтүү коомдордун жарандык коомун түзү үчүн жумшалган иш чараларын колдойт. Фонд Программаларын жергиликтүү салттарга ылайыкташтырып, башка улуттар менен ынтымакташуу чөйрөсүндө түзөт. Фонд иштерин Польша, жана чет өлкөдө алып барат: Чыгыш Европа, Орто Азия жана Кавказда.

Фонддун иш алып барган тармактар: 1. мектептерди социализациялоо жана дагы демократизациялоо 2. жарандык коомду активдөө жана жоопкерчиликти чоңойтуу 3. глобалдык тилектештик
Фонд жөнүндө кошумча маалыматтарды интернетте: www.edudemo.org.pl  дарегинде